Жогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдашты
Бишкекте жаңы төрөт үйү курулуп жатат
22.05.2025 | 09:23
Бишкек шаарында №1 төрөт үйүнүн аймагында жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы төрөт үйү беш кабаттан жана жер төлөдөн туруп, 150 орунга эсептелген.
Учурда имараттын пайдубалы курулуп жатат. Долбоор боюнча, жер төлөдө стерилизация бөлүмү, лаборатория, кампалар жана ашкана жайгашмакчы.
Биринчи кабатта кабыл алуу бөлүмү жана операциялык блок болот. Экинчи кабат төрөт бөлүмүнө арналат. Үчүнчү кабатта кош бойлуулук патологиясы бөлүмү жайгашат. Төртүнчү кабатта ымыркайлар жана реанимация бөлүмдөрү болот. Бешинчи кабат административдик жана жардамчы кызматтар үчүн каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар