Бишкекте жаран дарыгер аялга кол салган. Милиция аны тапты (видео)

Бишкекте жаран дарыгер аялга кол салган. Милиция аны тапты (видео)

Бишкекте дарыгер аялды түртүп жиберген адамдын көрсөтмөсү алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-июнда саат 17:32лер чамасында милициянын «102» кызматына №3 гинекологиялык ооруканада бейтап дарыгерге кол салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барганда, оорукананын гинекологиялык бөлүмүнүн башчысы аларга арыз жазган. Ал билдиргендей, оорукананын кабыл алуу блогунда белгисиз жаран аны түртүп жиберип, башы менен урунган.

Дарыгердин мээси чайкалганы белгилүү болуп, ал Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция дарыгерди түртүп жиберген адам 37 жаштагы Р.О. аттуу жаран экенин аныктаган. Ал өз көрсөтмөсүндө билдиргендей, ошол күнү жубайын №3 төрөтканага жаткырганы алып барган. Оорукананын кире беришинде алардын алдын белгисиз аял торогон. Ал аялга дарыгер чакырганын түшүндүргөн, бирок аял аны уккан эмес. Алар кайым айтышып жатканда, анын колу кире бериштеги эшикке кыпчылып калган. Колун чыгарыш үчүн ал аялды түртүп жиберген. Аял кулап түшкөн. Ал дароо эле аялга барып, жардам берүүгө аракет кылган. Аталган окуядан кийин төрөткананын дарыгерлери анын жубайын жаткыруудан баш тарткандыктан, келинчегин башка төрөт үйүнө алып кеткен.

Милиция дарыгер аялдын алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын жана керектүү тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Көрсөтмө бергенден кийин аталган жаран кое берилген жана ага кылмыш иши козголо элек. Милиция экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголорун билдирди.

Бул окуя боюнча маселе 25-июнда парламенттин комитетинин жыйынында да көтөрүлгөн. Жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов окуя тууралуу айтып берген.

«Ооруканада өзүнүн тартиби бар.  Гинекологиялык оорукана болгондуктан, жаран кирейин дегенде, дарыгер киргизбептир. Ал жакта башка аялдар жатат. Уруксат менен кириш керек. Эшикти түртүп киргенге болбойт да. Дарыгер «киргенге болбойт» десе, уруп коюптур. Дарыгердин мээси чайкалыптыр. Укук коргоо органдарына арыз жазды. Чара көрүлүшү керек», — деген ал.

Исмаилов кызмат учурунда дарыгерге кол салган адамдарга жаза күчөтүлүшү керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин окуянын видеосун дарыгер аялдын кызы соцтармактарга чыгарган. Ал апасы 60 жашта экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>