Жарандардын экстремисттик уюмдарга азгырылуусун алдын алуу маселеси талкууланды

Жарандардын экстремисттик уюмдарга азгырылуусун алдын алуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарында жарандардын диний радикалдашуусун, экстремисттик жана террористтик уюмдарга азгырылуусун алдын алууда мамлекеттик органдардын маанилүүлүгү тууралуу семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, акимдердин орун басарлары, экстремисттик ишке каршы күрөшүү боюнча аймактык мекемелер аралык комиссиянын курамына кирген жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Семинар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан демилгеленип, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө аталган багытта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасалды.

Катышуучулар экстремизмге жана терроризм үчүн мыйзамдардагы кылмыш жоопкерчилиги, анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жергиликтүү тургундар арасында жүрүп жатканын айтып, милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта экенин билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>