Бишкекте 20 жашка чейинки балбандар (U-20) арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 25-26-февраль күндөрү Р. Санатбаев атындагы спорт комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген спортчулар катышат.
Балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмактарда күч сынашат.
Жеңүүчүлөргө «Тайманбас» олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.