Борбор калаада жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда жашыл көчөттөрдү сугаруу күнү-түнү уланып, атайын техника жана арыктар менен сугаруу иштери да жүргүзүлүүдө.
Асанбай каналынан шаарга 500 л/с сугат суу берилип, ал 7-апрель-Ахунбаев, Байтик-Баатыр, Айтиев, Токомбаев, Тыналиев көчөлөрү боюнча бөлүштүрүлөт. Ошондой эле Ореховая жана Березовая роща, Д.Асанов жана «Физкультурный» скверлеринде да сугат иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары Манас-Бөкөнбаев, Турусбеков, Рыскулов, Жаш Гвардия бульвары, Жаштар аллеясы, Ю.Фучик атындагы сейил багы жана башка көчөлөрдө кошумча скважиналар менен сугарылып жатат.
Атайын техниканын жардамы менен сугаруу иштери Ибраимов, Токомбаев көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда, Жеңиш аянтында, Чүй, Ч.Айтматов проспектилеринде жүргүзүлүүдө.
Жашыл жерлерди сугарууга арналган атайын техникалардын жалпы саны бүгүнкү күндө 29 бирдикти түзөт.