Бишкекте жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү

Бишкекте жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү

Борбор калаада жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жашыл көчөттөрдү сугаруу күнү-түнү уланып, атайын техника жана  арыктар менен сугаруу иштери да жүргүзүлүүдө.

Асанбай каналынан шаарга 500 л/с сугат суу берилип, ал 7-апрель-Ахунбаев, Байтик-Баатыр, Айтиев, Токомбаев, Тыналиев көчөлөрү боюнча бөлүштүрүлөт. Ошондой эле Ореховая жана Березовая роща,  Д.Асанов жана  «Физкультурный» скверлеринде да сугат иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары Манас-Бөкөнбаев, Турусбеков, Рыскулов, Жаш Гвардия бульвары, Жаштар аллеясы, Ю.Фучик атындагы сейил багы жана башка көчөлөрдө кошумча скважиналар менен сугарылып жатат.

Атайын техниканын жардамы менен сугаруу иштери Ибраимов, Токомбаев көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда, Жеңиш аянтында, Чүй, Ч.Айтматов проспектилеринде жүргүзүлүүдө.

Жашыл жерлерди сугарууга арналган атайын техникалардын жалпы саны бүгүнкү күндө 29 бирдикти түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сугат суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>