Бишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды

22.10.2025 | 16:43

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз кызматы Reporter.kg’ге билдирди.

5-сентябрда милицияга Ж.Ж. аттуу жаран кайрылып, ушул жылдын 20-январында Маевка айылынын Ш. аттуу тургуну аны алдап, башка бирөөлөргө таандык ар бири 4 сотыхты түзгөн 5 жер тилкесин сатып, 3 млн 150 миң сом алып, андан кийин дайынсыз жоголгонун билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, алар 29 жаштагы М. уулу Ш. жана 52 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар экени белгилүү болгон. Алар кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилишкен. Учурда алардын башка ушундай кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатат.

Милиция алдамчылардын аракетинен жабыркаган жарандарды же бул боюнча маалыматы бар адамдарды +996 553 22 66 87 номуруна же 102 кыска номуруна кабарлоого чакырды.

Scroll to Top