Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Бишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармады
20.10.2025 | 17:02
Соцтармактарда эки жигиттин мушташып жаткан видео тарады. Кадрлардан мушташ жүрүп жатканда аларга дагы бир жигит аралашып, бирок аны башкасы четке тартып кеткенин көрүүгө болот. Андан кийин мушташкандар ар кайсы жакка чуркап кетишкен.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Reporter.kg’ге билдиргендей, мушташ өткөн түнү, 20-октябрда, болжол менен саат 00:50дө болгон. Укук коргоо кызматкерлери мушташка катышкан жигиттерди милиция бөлүмүнө жеткирген. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. 18 жаштагы А.М. менен 19 жаштагы Р.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилген. Калган катышуучуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар