Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейтКыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттүКыргызстандагы чет элдик элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда14-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуKyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фото көргөзмө өтөт
Бишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармады
20.10.2025 | 17:02
Соцтармактарда эки жигиттин мушташып жаткан видео тарады. Кадрлардан мушташ жүрүп жатканда аларга дагы бир жигит аралашып, бирок аны башкасы четке тартып кеткенин көрүүгө болот. Андан кийин мушташкандар ар кайсы жакка чуркап кетишкен.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Reporter.kg’ге билдиргендей, мушташ өткөн түнү, 20-октябрда, болжол менен саат 00:50дө болгон. Укук коргоо кызматкерлери мушташка катышкан жигиттерди милиция бөлүмүнө жеткирген. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. 18 жаштагы А.М. менен 19 жаштагы Р.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилген. Калган катышуучуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар