Бишкек мэри Панфилов паркында жаңы амфитеатрды ачтыБишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтКыргызстан менен Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлери Москвада кызматташтыкты талкуулаштыСадыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен баратКараколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салындыСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейт
Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМК
20.10.2025 | 16:23

Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, объектилер 1999-жылы мыйзамсыз түрдө «А.В.Ш.» аттуу жаранга өткөрүлүп берилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, социалдык маанидеги бул объектилерди жана баасы 641,4 миллион сомго бааланган 1,25 гектар жер тилкесин Кайыңды шаарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом