Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы аяктайтЖээнбек Кулубаев ЕККУнун башкы катчысы менен аскердик-саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматтыштыкты талкууладыЖогорку айлык жана «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчисинин кайтып келиши. Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикирлериТИМ: Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо системасы ишке кирүүдөӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат
Бишкекте жол кырсыгы болду: Унаа скутер айдоочусун сүзүп кетти
24.11.2025 | 20:33
Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде ак түстөгү Subaru Legacy унаасы скутер айдоочусун сүзүп кетти. Унаа ошол жерде токтотулуп, тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда. Ал эми күбөлөр жабыркаган адамга дароо жардам көрсөтүштү.
Видеодон адамдар аны этияттык менен коопсуз жерге алып барышканын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучу өз алдынча басмак тургай, бутуна тура албай кыйналып жаткан.
Жабыркаган адамдын абалы такталууда. Адистер кырсыктын себептерин жана жагдайларын аныктоодо.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар