ШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдөКыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет
Бишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болду
16.02.2026 | 15:02

Бүгүн, 16-февралда, саат 07:30дар чамасында Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы болду.
Бишкек шаардык ИИББдин маалыматында, 36 жаштагы айдоочу «KIA K5» үлгүсүндөгү унаасы менен түндүк багытты көздөй бара жатып, солго бурулган. Ошол учурда каршы тараптан чыгыш багытта жолду кесип өтүп бара жаткан 22 жаштагы Ф.А.ны сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү алган дене жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болду.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып токтотуучу жайга киргизилди. Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар