Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Бишкекте журналисттер басма сөз эркиндиги күнүн ишембилик менен белгилешүүдө
03.05.2022 | 12:22
Бүгүн, 3-майда басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Бишкектеги Журналисттер аллеясында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ишембилик өткөрүштү.
“Биз бул күндү митинг менен эмес, төртүнчү бийлик өнөктөштөр жана жаратуучулар экенин көрсөтүү үчүн ишембилик менен белгилеп жатабыз. Биздин милдет – коомдогу жараларды биргелешип дарылатуу үчүн ачуу”, – дейт Тамара Валиева.
Иш-чара “Медиа Кыргызстан” акциясынын платформасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Катышуучулар медиа тармагынын алдында сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын позициясынын төмөндөп баратканын белгилешти.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом