Айнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалатКыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууландыБишкекте мас айдоочу эки жол кырсыкка себеп болдуИсламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
Бишкектеги 15 мектепте 1-класска орундар толуп калды
03.06.2024 | 19:00
1-класска электрондук каттоонун I этабы аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
8-апрелден 2-июнга чейин 70 миң 16 бала катталып, Бишкектеги 15 мектепте орундар толду.
Алар:
- №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
- №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
- №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
- А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
- №62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- № 37 мектеп-гимназия.
- Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия.
- Низами Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби.
- Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия.
- Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси.
- №33 мектеп-гимназия.
- Райкан Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
- №100 жалпы орто билим берүү мектеби.
Эскерте кетсек, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт. Анын биринчи күнү саат 12:30га карата 9 миң 628 бала катталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим