Бишкектин батыш бөлүгүндө 7-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт: аймактардын тизмесиАдылбек Касымалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыЭдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт союзунун башчысы менен жолугушту — анда эмнелер талкууландыЭл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалдыБеларуста нацисттердин курмандыктары көмүлгөн мурда белгисиз 166 жай табылдыБишкекте Кайгуул кызматынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп кармалган айдоочу ким болуп чыкты?
Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында пакистандыктар каракталды
26.03.2021 | 09:44
Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында Пакистандын жарандарын тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгууул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-мартта саат 03:00дө 102 кызматына “Ала-Тоо” аянтында Пакистандын 3 жаранын азият түспөлүндөгү 3-4 жигит физикалык күч колдонуп, бычак менен коркутуп 2 iPhone үлгүсүндөгү телефону менен 2 сом акчасын алып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кылмыштын изи суй электе шектүү катары 26 жаштагы Р.у.Б., 27 жаштагы А.у.Т. жана 25 жаштагы Р.у.Н. кармалган. Алар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Аталган факты боюнча 202-берене (Карактоо) менен иш козголгон.