7-апрелге карата аба ырайыСадыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталды
Бишкектеги Ауэзов көчөсү алты тилкелүү жолго айланат
30.09.2025 | 19:22

Вице-мэр Рамиз Алиевдин айтымында, 2026-жылы борбор калаада ири жол куруу долбоорлору башталат.
Анын ичинде Ауэзов көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Жайыл Баатыр көчөсүнө чейин алты тилкелүү жолго айландырылат. «Бул жолду чыгыш айланма деп атайбыз. Ал жаңы жүк ташуучу жол катары кызмат кылат», — деди Алиев.
Мындан тышкары, вице-мэр Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги, ошондой эле Шабдан Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөктөрдүн курулушу келерки жылы башталат деп кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом