ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкектеги кеңседен 40 миң доллар жана 960 миң сом уурдалган
06.09.2024 | 14:02
Бишкекте акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, быйыл 26-июлда кечке жуук белгисиз адам Чүй көчөсүндөгү кеңсеге терезе аркылуу кирип, сейфтен 40 миң доллар жана 960 мин сом уурдап кеткен.
Бул окуя боюнча милициягы арыз түшүп, кылмыш иши козголгон.
Иликитөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы Ж.Д. аттуу жаран кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
