
13:20, 1.12.20
Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн. Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.
“14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда, борбор калаадагы мектептер III чейректен баштап штаттык режимде иштөөгө өтөт”, – деп билдирди ал.
Ошондой эле Кундашев, Бишкектеги жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режимде окутуп жатканын эскерте кетти.