Бишкектеги Ош базарынын көчүрүлүшүнүн элге пайдасы барбы?

Бишкектеги Ош базарынын көчүрүлүшүнүн элге пайдасы барбы?

Борбор калаадагы Ош базары Кыргызстандагы эң ири экинчи базар болуп саналат. Ал мындан туура 42 жыл мурда 1983-жылы түптөлүп, 1984-жылы колдонууга берилген. Алгач Ала-Арча-Ош базары деп аталган азык-түлүк саткан базарды Ош шаарынан келген курулушчулар курушкандыктан Ош базары деген ысым ыйгарылган. Ошентип 1991-жылы ал толугу менен Ош базары деген макамга ээ болгон. 1992-1994-жылдары базардагы соода орундуктары жеке менчикке берилип, учурда болжолдуу аянты 6 гектардан ашат.

Кезинде Ош базарынын архитектурасы Фрунзе шаарына көрк берип, өзгөчө кооздук менен салынган. Ал кездеги белгилүү архитекторлор Чубаров менен Нежуриндин долбоорлорунун негизинде салынганы айтылып келет.

Бул базарга ага чейин Цирктин жанындагы колхоз  базарындагы соодагерлер көчүрүлүп, базардын кадимки кымгуут жашоосу башталган. Мына ошондон тарта 42 жылдан бери бул базар башынан эмнелерди гана өткөрбөдү. Далай соодагерлердин сүйүнүчү менен, 90-жылдары союз тарап соода тармагы күч алгандан кийин банкротко туш болуп ыйлаган бир далай адамдардын сүйүнүчүнө да, кайгысына да ортоктош болду. Бул базардан кандай гана тагдырлар баспады. Керек болсо, өлкөнү дүңгүрөткөн аткаминерлерден баштап, кыргызга белгилүү алп залкарлардын да буту баскан жер десек ашыкча болбойт.

Жарым кылымда базар эмес, тирүү адам да өзгөрөт эмеспи, анын сыңары бул убакыт аралыгында базардын жашоосунда далай өзгөрүүлөр орун алды. Кайсы бир тарабы жаңыланса, кай бири тарабы эскиргенден эскирип урап баратты. Заман талабына ылайык, шаарда адам көбөйүп, ага утурлай унаалар көбөйгөндөн көбөйүп, борбордун аянты кеңейип отуруп, Ош базары шаардын ортосунда, Манас аэропортуна барган кадимки стратегиялык жолдун боюнда калды. Унаа тыгыны, адамдардын көптүгү, күн санап чоңойгон соода аянтчалары акыр-аягы шаар бийлигин базарды шаар сыртына чыгаруу чечимине мажбур кылды.

Албетте мындай чечим катардагы шаар тургундарына жакса, анда отурукташып, ырыскысын терип жеп көнүп калган соодагерлерге анчейин жага берген жок. Өлкө башчысы Садыр Жапаров Ош базарды шаар сыртына көчүрүп, заман талабына ылайык заманбап инфраструктура менен, айланасында мейманкана, мечит, унаа токтотуучу, логистикалык жайларды, ал тургай жарандар үчүн ипотекалып көп кабаттуу үйлөрдү кошо куруп беребиз дегени, калктын катмарын тынчтандырып, соодагерлердин санаасын жайлатты көрүнөт.

Адамзаты өзү табиятынан стабилдүүлүктү жакшы көрүп, жылуу-жумшак ордунан козголгонду анчейин жактыра бербейт эмеспи. Анын сыңары Ош базарга тийишпей эле коюш керек болчу дегенибиз менен, жашоонун агымына жараша өзгөрүүгө мажбурбуз. Качанкыга чейин эскилиги жетип, үстүнөн жаандын тамчылары тамган муздак базарда жүрө бермекпиз. Дүйнө жүзү асман тиреген бийик имараттарды куруп, айдоочусу жок жүргөн унааларды ойлоп таап, технология өнүгүп бараткан заманда биз дагы алга карай кадам таштап, өзгөрүүгө карай бет алышыбыз шарт.

Жаңы Ош базар элге эмне берет?

Алгач эле көкөйгө тийген унаа тыгыны маселесин аз да болсо азайтат. Шаардын чок ортосунда турган Чүй проспектисиндеги абалды жеңилдетип, жолдогу унаа кыймылын азайтат. Экинчиден, аларманга да, сатарманга да шарт жана ыңгайлуулук түзүлөт. Ал эми үчүнчүдөн буга чейин жеке тараптардын чөнтөгүнө кетип жаткан ижара акылары, муниципалитеттик базар болгондугуна байланыштуу түз мамлекеттин казынасына түшүп, өлкөнүн экономикасынын ирденишине өбөлгө болот. Эң башкысы Кыргызстан туризмдин мекени деп төш какканыбыз менен туристтер келип, алгач эле тушуккан эскилиги жеткен базардын ордуна заңгыраган заманбап базарга айланып, ар бир турист сөзсүз кире кеткен жайга айланат.

Ушул жерден бирок деген бир маселе туулат. Жаңы Ош базары курулуп бүтүп, ишке берилген соң андагы соода орундуктары калыс бөлүштүрүлүшү керек. Антпесе адатка айланган тааныш-билиштик, жең ичинен сүйлөшүүлөр аркылуу эптегендер жакшы орундуктарыд ээлеп алып, баягы эле карапайым калк калыссыздыкка туш болсо иштин бүткөнү. Мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражаттар бөлүнүп, олуттуу чечим кабыл алынган соң, аткаруучу бийлик дагы эл алдындагы жоопкерчиликти сезип кара кылды как жарган, калыстык менен бөлүштүрүп берүүсү керек. Эң оболу буга чейин бийлик тарабынан убада кылынган эски Ош базарда соода кылган коммерсанттарга жаңы базардан орундуктарды берип, алар ишин токтоосуз улантып кетүүгө шарт түзүп берүүсү керек. Антпесе ал жерде он миңдеген адамдар үй-бүлөсүн багып, ырыскысын таап жеген карапайым элге оор болот.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, учурдагы бийликтин эки тизгин-бир чылбырды колго алып, олуттуу чечим менен өзгөрүүгө карай бет алып, элген шарт түзүп берүүсү албетте эң жакшы көрүнүш. Бирок, азырынча ап-бали деп мактаганга эртерээк.

Рубрики: КООМ , МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>