Бишкектеги «Шашлычная №1» кафеси бузулууда

Бишкектеги «Шашлычная №1» кафеси бузулууда

Бишкектеги «Шашлычная №1» кафеси бузулууда. Бишкек шаардык мэринин орун басары Нурдан Отунтаевдин айтымында кафенин жетекчилиги жер тилкесин 15-августка чейин бошотуп берет.

Бүгүн, 31-июлда Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Шашлычная №1» кафесин демонтаждоо үчүн атайын техника келген.

Мэрия беш күн мурда ижара алуу боюнча келишимдердин кыскарганы боюнча аталган жайга эскертүү берген. Кафенин ээси аталган жайды эки күндө өздөрү бузуп берерин айткандыктан анын тактайчасы гана алынган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>