Бишкектеги стадионду оңдоп-түзөө иштери башталды (сүрөт)

Бишкектеги стадионду оңдоп-түзөө иштери башталды (сүрөт)

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Күн мурун агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаев оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан.

Маалым болгондой, көрүүчүлөр отурган жер, стадиондун жарыктандыруусу, оюн талаасынын сугат системасы, кире бериштеги турникеттер жаңыртылат жана башка иштер аткарылат.

Оңдоо иштерин сентябрь айына карата бүткөрүү пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>