Бишкектеги таштанды иштетүүчү заводдун жаратылышка тийгизген таасири текшерилүүдө

20.01.2026 | 11:33

Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири комплекстүү мониторингден өтүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Экологиялык мониторинг департаментинин адистери заводдон чыккан заттардан үлгү алышкан. Анын алкагында азот кычкылы, күкүрт кошкычкылы, азот кошкычкылы, көмүртек кычкылы жана чаңдын концентрациясы боюнча лабораториялык анализдер жүргүзүлөт.

Министрлик буга чейин 16-январда заводдун айланасындагы атмосфералык абадан, топурактан жана Ала-Арча суу сактагычынан кошумча үлгүлөр алынганын билдирди.

Министрлик ишкана боюнча экологиялык көзөмөлдү күчөтүүнү жана ай сайын туруктуу мониторинг жүргүзүү пландап жатканын кошумчалады.

Бишкек мэринин маалыматында, завод суткасына миң тоннанын тегерегинде таштандыны иштетип, саатына 30 кВт электр энергиясы өндүрүүдө.

Scroll to Top