Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында улуттук курама Түштүк Африканы 7:2 эсебинде жеңди
20.01.2026 | 11:58

Хоккей боюнча жаштар арасындагы (U-20) дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы Түштүк Африкадан келген команданы 7:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча агенттик билдирди.
Буга чейин 18-январда өткөн биринчи турда кыргызстандыктар Гонконгдун курама командасын утуп алышкан.
Үчүнчү турдун беттештери 21-январда өтөт. Анда Кыргызстандын курама командасы Ирандын курама командасына каршы ойнойт.
III дивизиондун B тайпасы боюнча чемпионат Бишкек шаарында өтүп жатат. Ал 24-январга чейин өтөт. Ага Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт