“Баткен биздин жер”, “Рахмон киши өлтүргүч”, “Рахмон токтот”- деген жазуулары бар плакттарды көтөрүп алып, Тажикстандын Кыргызстандын элчилигинин алдында митингге чыгышты.
Жарандык активисттер жана жарандар Тажкистандын соңку аракеттерине каршы нааразылыктарын билдирип чыгышты.
Айрым активисттердин айтымдарында, милиция тоскоолдук жаратууда.
12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан.