3-мартка карата аба ырайыКыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алууКыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж бердиКадамжай районунда «Анхор» каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу бериле баштадыАКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодо
Бишкектеги ЦУМдун жанындагы оңдоо иштери декабрдын башында аяктайт
15.10.2025 | 11:40

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЦУМдун жанындагы жол оңдоо иштери декабрдын алгачкы күндөрүндө аяктай турганын билдирди.
Жунушалиевдин айтымында, ар бир долбоордун так мөөнөтү белгиленип, аны сактоо маанилүү.
«Нормаларды унутпашыбыз керек. Цементтин, асфальттын өзүнүн күчүнө кирүү мөөнөтү бар. Эгер бул тартип сакталбаса, кийин урап калуу коркунучу жаралат. Анда биздин иштин баасы жок болот», — деди мэр.
Ошондой эле калаа башчысы Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнү оңдоо иштери декабрдын аягына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом