Эртең, 24-мартта Бишкектеги үч жол тилке оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Мэриянын маалыматы боюнча, Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтовдон Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат. Унаалар бул жолдун түндүк тарабы менен жүрөт.
Ошондой эле, Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаевден Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат. Унаалар бул жолдун чыгыш тарабы менен жүрөт. Бул эки жол тилкедеги оңдоо иштерин «ДорСтрой Групп» компаниясы жүргүзүлөт.
Андан тышкары, оңдоо иштерине байланыштуу Медеров көчөсүнүн 7-Апрелден Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Курулуш иштерин «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзөт.
Жол тилкелеринин жабылышына карабай автобус, кичи автобустардын каттамы өзгөрбөйт.
Мэрия быйыл жалпы сегиз жол оңдоп-түзөөдөн өтөрүн билдирди.