Бишкектен Балыкчыга чейинки поезд эми күн сайын каттайт. Билет баасы

Бишкектен Балыкчыга чейинки поезд эми күн сайын каттайт. Билет баасы

15-июлдан баштап 31-августка чейин Бишкек-2 — Балыкчы — Бишкек-2 жүргүнчүлөр поезди күн сайын каттайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:46да жетет. Поезд Балыкчыдан саат 18:12де кайтып, Бишкек-2 станциясына 22:18де келет.

Жол кире акысы стандарттык вагондордо:

5 жашка чейинки балдар (өзүнчө орун жок) — бекер;

5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 73 сом;

10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө – 150 сом.

Люкс вагондордо:

5 жашка чейинки балдар (өзүнчө орун жок) — бекер;

5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 250 сом;

10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө – 500 сом.

VIP вагондордо:

5 жашка чейинки балдар (өзүнчө орун жок) — бекер;

5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 400 сом;

10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө – 800 сом.

Билеттерди онлайн шилтеме аркылуу railway.kg мобилдик тиркемесинде, ошондой эле Бишкек-2 станциясынын кассасынан сатып алса болот.

Поездде бардык ички жана эл аралык төлөм системаларынын накталай жана накталай эмес төлөмдөрүнүн бардык түрлөрү бар.

Толук маалыматты компаниянын сайтынан жана 0312 30 02 09, 0312 92 68 54, 0312 92 68 40, 0705 07 66 96 телефондору аркылуу алса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>