Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Оштун Борубай-Ата эс алуучу жайынан селден улам 420 адам куткарылды
14.07.2024 | 17:02
Ош шаарындагы Борубай-Ата эс алуучу жайынан 420 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө.
Жерине жалпы 46 куткаруучу тартылып, 420 адам эвакуацияланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар