Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Бишкектен Балыкчыга поезд 16-июндан тарта каттай баштайт
02.06.2023 | 17:30
Бишкектен Балыкчыга жүргүнчү ташыган поезд 16-июндан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 17-июлдан 31-августка чейин поезд Көлгө күнүнө жүрөт.
Билетти алдын ала 12-июндан баштап сатып алса болот.
Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылса болот:
– мобилдик тел.: 0705 076696
– стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом