Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити өтүүдө

Ысык-Көлдө «Европа биримдиги — Борбордук Азия» саммити өтүүдө

Бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«№2 мамлекеттик резиденциясынын» Конгресс-холлуна кирердин алдында президент Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин — ЕБ Президенти Шарль Мишелди, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин — Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевди жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесовду тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусу өтө турган жыйындар залына киришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>