Бишкектен Вьетнамдын Фукуок аралына чартердик аба каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Биринчи аба аттам 26-декабрда аткарылган. Жүргүнчүлөрдү «Аэро Номад» компаниясынын учактары ташыйт.
Аталган компаниянын учактары Москва, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад эл аралык багыттары боюнча каттайт. Ошондой эле Бишкек – Ош багыты боюнча ички жана Гоа, Пхукет, Фукуокко чартердик аба каттамдарды аткарат.