Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 6-март күнү Ч.С. аттуу аял арыз менен кайрылып, өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, алдоо жолу менен андан 5 млн 292 миң сом акча каражатын белгисиз банктык эсепке которууга мажбурлаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Милициянын маалыматына караганда, бул каражаттар ар кайсы банктардагы үч депозиттик эсепке которулган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча иш козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан банктык реквизиттерди колдонуу менен алдамчылар уурдаган акчаларды накталай акчаларды алып жүргөн адамдар аныктап, кармалган. Алар —2004-жылы туулган М.Н., 2004-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган О.А., 2004-жылы туулган М.М., 2004-жылы туулган Б.Э.
Кылмышка шектүү беш адам тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз