Бишкектиктер унаасын каалаган күнү айдай албайт. Мэрия чектөө сунуштады

Бишкектиктер унаасын каалаган күнү айдай албайт. Мэрия чектөө сунуштады

Бишкек мэриясы борбор калаада жана Ош шаарында унаалардын жүрүүсүнө чектөө сунуштады. Коомдук талкууга коюлган токтом менен жол тыгындарын 20 пайызга азайтуу каралат.

Ага ылайык шаарда автоунаанын номурундагы акыркы саны боюнча иш күндөрү саат 7:00дөн 21:00гө чейин кыймыл чектелет:

1 жана 2  — дүйшөмбү күнү;

3 жана 4 — шейшемби;

5 жана 6 — шаршемби;

7 жана 8 — бейшемби;

9 жана 0 — жума күндөрү жолго чыкпайт.

Мыйзамга баш ийбегендерге 1 миң — 5 миң сом айып салынат.

Мэриянын маалыматында, айдоочулардын 52 пайыздан ашыгы автоунаада жалгыз жүрөт, 33 пайызы бир жүргүнчү менен, ал эми 3,2 пайызын үч же андан көп жүргүнчү колдонот.

Эскерте кетсек, мэр Айбек Жунушалиевге 2024-жылдын биринчи кварталына чейин жол тыгынын жоюу тапшырмасы берилген. Бирок калаа башчысы апрель айына чейин аны аткарган жана ал үчүн кызматтан алынган дагы жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>