Бишкек шаарынын айрым даректеринде 25-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде саат 9.00дөн 24:00 гө чейин берүү токтотулат.
Өчүрүү району: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Ж. Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү. Ошондой эле: «Красный Строитель» конушу, «Ак — Тилек» конушу, «Көлмө» конушу, «Алтын Бешик» конушу, «Салам Алик» конушу.
«Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» мамлекеттик ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз