Бишкектин айрым райондорунда 7-октябрда суу болбойт

05.10.2025 | 11:27

2025-жылдын 7-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин борбор калаанын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, суу өчүрүү Гагарин жана Юго-Западный суу топтоочу жайларында, ошондой эле шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу.

Суу убактылуу берилбеген аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Жунусалиев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин, андан ары Асаналиева, Боронбай, Жазыйра, Чортеков, Айни, Муромская, Өмүр, Б.Алыкулов, Аккулева, Б. Курсант, Торугарт, Л. Толстой жана Л. Болтагулов көчөлөрүнө чейинки аймактар.

Өчүрүү учурунда турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилер ичүүчү суусуз калат.

Scroll to Top