Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Бишкектин чыга бериштерине блок-постор орнотулду
07.07.2022 | 12:26
Бишкекте милиция кызматкерлери мектептерде бүтүрүү кечелерине байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүштү. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Өспүрүмдөр арасындагы кырсыктардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында инспекторлор күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат. Мындан тышкары мектепти аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн ата-энесинин кабары жок шаардан чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында борбордон чыгып баратканда жолдорго посттор орнотулат.
Инспекторлор бүтүрүүчүлөр отурган унааларды текшерет.
Кайгуул милициясы ата-энелерден балдарын тыкыр көзөмөлдөп турууга чакырды.
Учурда Бишкекте 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом