Үч күн эшикке чыкпайбыз. Аламүдүн-1 кичи районунда лифт көйгөйү көтөрүлдү (видео)

Үч күн эшикке чыкпайбыз. Аламүдүн-1 кичи районунда лифт көйгөйү көтөрүлдү (видео)

Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдө жарым жылдан бери лифт иштебегенине байланыштуу жашоочулар шаар бийлигине жана тиешелүү ведомстволорго кайрылышты.

Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, кичи райондогу №91,92,93,95 үйлөрүндө 300дөн ашык адам жашайт. Лифт көйгөйүнөн улам өзгөчө пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, көп балалуу үй-бүлөлөр кыйналууда.

Жашоочу Галина Коломец: “Мен жүрөк оорусу менен жабыркайм, азык-түлүктөрдү алып алып, 3 күн үйдөн чыкпай отурам. Бирок, аба жетишпегендиктен эшикке чыгуу керек да. Лифт иштебейт, абдан кыйналдык. Бул маселени чечип берүүңүздөрдү суранабыз”, — деди.

Ошондой эле, ал ай сайын лифт үчүн каражат төлөп турушарын айтып, ал жарым жыл мурун иштебей калганын белгиледи.

Бул үйлөрдө жалпы 10 лифтти алмаштыруу керек.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Лифт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>