Бишкектин кайсы жеринде жашоо эң кымбат? Борбордогу райондор боюнча батир ижарасынын бааларына сереп

10.12.2025 | 16:00

Борбор калаадагы кыймылсыз мүлк рыногу туруксуз бойдон калууда. 2025-жылдын аягында Бишкектен ижарага турак жай издөө оңой эмес, баалар районго гана эмес, үйдүн абалына жараша да өзгөрүүдө.

Reporter.kg редакциясы популярдуу Lalafo жана House.kg кызматтарындангы актуалдуу сунуштарды талдап, шаардын негизги локацияларында ижара акысы канча турарын аныктады. Биз популярдуу беш зонаны: «жатак» кичи райондордон тартып престиждүү Магистралга чейин карап чыктык.

Түштүк магистраль: Эң кымбат район

Түштүк магистраль аймагы жашоо үчүн эң престиждүү жана кымбат локациялардын бири аталышын дагы бир жолу бекемдеди. Бул жерде жаңы турак жай комплекстери көп салынгандыктан, баалар да жогору.

  • 1 бөлмөлүүлөр: Баасы 43 миң сомдон башталат, бирок орточо баа 78 миң – 87 миң сомдун тегерегинде турат.
  • 2 бөлмөлүүлөр: Баалар кескин айырмаланат. 58 миң сомго да варианттарды тапса болот, бирок премиум комплекстерде баа 105 миң – 113 миң сомго жетет.
  • 3 бөлмөлүүлөр: Бул жерде биздин баяндамадагы эң жогорку баалардын бири катталды, бир батирдин баасы 218 миң 600 сом. «Жөнөкөйүрөөк» варианттар 78 миң – 87 миң сомго айланат.

Шаардын борбору жана Чыгыш-5

Борбордо элиталык пентхаустар менен эски «хрущевкалар» жакын жайгашкан, баалардагы чоң айырма ушуну менен түшүндүрүлөт.

  • 1 бөлмөлүүлөр: 25 миң сомго бюджеттик вариантты тапса болот (болжолу, жатакана же эски фонд), бирок сапаттуу турак жай 50 миң – 65 миң сом турат.
  • 2 бөлмөлүүлөр: Орточо баа 50 миң – 70 миң сомду түзөт, бирок кымбат ремонту бар батирлер 96 миң – 105 миң сомго берилет.
  • 3 бөлмөлүүлөр: Баалардын айырмасы чоң, айына 52 миң сомдон рекорддук 218 миң 950 сомго чейин. Сунуштардын көбү 100 миң – 130 миң сомдун тегерегинде.

Политех жана Asia Mall району

Бул район университеттерге жана ири соода борборлоруна жакын болгондугу үчүн популярдуу. Өзгөчө жаңы үйлөрдөгү бир бөлмөлүү батирлерге болгон баалар бул жакта «тиштегилейт»,

  • 1 бөлмөлүүлөр: Бул жактагы бир бөлмөлүү батирлер кичи райондорго караганда кымбатыраак болушу мүмкүн. Жөнөкөй батирлер 27 миң – 35 миң сомдон, элиталык батирлер 83 миң – 87 миң сомго чейин.
  • 2 бөлмөлүүлөр: Баалар туруктуураак жана 50 миң – 69 миң сомдун чегинде кармалып турат.
  • 3 бөлмөлүүлөр: Чоң батирдин ижарасы 60 миң – 72 миң сомго түшөт, бирок 131 миң сомдук сунуштар да бар.

Жал

Жал кичи району, айрыкча анын жогорку бөлүгү активдүү түрдө курулуп жатат жана үй-бүлөлүк жашоо үчүн ыңгайлуу деп эсептелет. Бул жактагы баалар борбордогу деңгээлге жакындап калды.

  • 1 бөлмөлүүлөр: Минималдуу баа — 35 миң сом, бирок 87 миң 450 сомдук (болжолу, жаңы турак жай комплексиндеги евроремонту бар батирлер) сунуштар көп.
  • 2 бөлмөлүүлөр: Сунуштар азыраак, орточо баа 60 миң – 74 миң сом.
  • 3 бөлмөлүүлөр: Туруктуу түрдө кымбат, 70 миң сомдон 96 миң сомго чейин.

Кичи райондор

Кичи райондор ижарачылар үчүн эң жеткиликтүү вариант бойдон калууда, бирок бул жерде деле баалар жогорулады.

  • 1 бөлмөлүүлөр: Эң жеткиликтүү сегмент. Баалар 28 миң сомдон башталат, орточо баа 35 миң сом. Эң жогорку баа 50 миң сом.
  • 2 бөлмөлүүлөр: Айырма 43 миң сомдон 78 миң сомго чейин.
  • 3 бөлмөлүүлөр: Кичи райондордон үч бөлмөлүү батир алуу 60 миң – 90 миң сомго айланат, бул магистралга же борборго караганда кыйла арзан.

Жыйынтык

Бишкектеги эң жеткиликтүү турак жайлар адатта кичи райондордо жана борбордук кварталдардын эски фонддорунда жайгашкан: бул жерде бир бөлмөлүү батирдин ижарасы 25–28 миң сомдон башталат.

Магистраль районун жана борбордогу «алтын квадратты» камтыган эң кымбат локациялар турат, ал жакта үч бөлмөлүү батирдин баасы көп учурда 200 миң сомдон ашат.

Ошол эле учурда бир райондун ичинде деле баалардын айырмасы эки эсе болушу мүмкүн, мисалы Политехте. Бул үйдүн курулган жылы жана ремонттун сапаты ижаранын жыйынтыктоочу баасына канчалык катуу таасир этерин көрсөтүп турат.

Scroll to Top