Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкектин көчөсүндө эки киши жигитти сабап, унаасын талкалап кетишкен
26.09.2025 | 12:06
Бишкек шаарында көчөдө болгон мушташка байланыштуу эки эркек киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 24-сентябрда саат болжол менен 20:10 чамасында Садыгалиев жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Көчөдө эки белгисиз киши жигитке кол салып, аны сабап, унаасынын арткы терезесин талкалап кетишкен. Жабырлануучу милицияга арыз жазган. Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан шектүү катары 39 жаштагы А.Д. жана 25 жаштагы Э.Э. аныкталып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар

