Каржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелет
Мамлекеттик цирк жаныбарларды аукцион аркылуу сатат
26.09.2025 | 12:01

Мамлекеттик цирк өзүндөгү жаныбарларды аукцион аркылуу сатуу чечимин кабыл алды.
Аукционго төрт мышык (бардыгы 2 360 сом), эки төө (ар бирине 79 950 сом), эчки (12 150 сом), эки топоз (68 400 сом), енот (15 000 сом) жана чүткөр (25 000 сом) коюлду. Булардын жалпы баасы 345 миң 210 сомду түзөт.
Сатык 21-октябрда саат 14:00дө Жумабек көчөсү, №119 дарегинде, цирктин башкы бухгалтеринин кабинетинде өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом