Бишкектин Ленин райондук милициясында 25 жаштагы жаран каза болду

12.08.2025 | 11:45

Бишкек шаарынын Ленин райондук ишки иштер бөлүмүндө 25 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу маркумдун эжеси соцтармактарга жазып чыкты.

Анын айтымында, иниси 9-август күнү саат 21:30да аталган бөлүмгө жеткирилген. Алар бул тууралуу билишкен эмес. 15 сааттан кийин моргдон чалып, сөөктү алып кетүүнү айтышкан.

“15 сааттан кийин моргдон чалышты, сөөктү биз жок кезде ачышыптыр. Жекшемби күнү саат 19:00дө сөөктү беришти. Сөөктү муздак, сабалган абалда алып чыктык. Алар эч нерсе айтышкан жок, “өзү кулады” дешти. Бул жерде күмөндүү бир нерсе бар. Жанында телефону, паспорту жок болчу деп жатышат. Азыр ким телефонсуз жүрөт? Телефону кайда? Кармалганга чейин ал досторуна, эжесине жана баарына чалган”,- деп билдирген эжеси.

Ленин райондук милициясы бул маалыматты ырастап, окуя 9-августта аталган бөлүмдүн имаратында 2000-жылы туулган эркек киши каза болгону катталганын билдирди.

“Бул факт боюнча бардык керектүү экспертизалар, анын ичинде өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул боюнча материалдар Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына мыйзам чегинде баа берүү үчүн өткөрүлдү”,- деп билдирди Ленин РИИБи.

Scroll to Top