Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 мектепте психологдор жана борбордогу мектептердин социалдык педагогдору үчүн «Балдарга социалдык-психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү» деген темада семинар уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, № 69 мектебинин администрациясы жана социалдык-психологиялык кызматы жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу, балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоо, балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо жана инклюзивдик билим берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Иш-чарада мектептерде социалдык-психологиялык кызматтын ишин күчөтүүнүн, окуу-тарбиялоо процесси үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн, ошондой эле социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн окуучуларына өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Семинардын жыйынтыгында мектептин социалдык-психологиялык кызматынын конкреттүү окуучуларга багытталган иш-чараларды уюштуруу, социалдык маанилүү сапаттарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча ишин күчөтүү чечими кабыл алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз