Бишкектин мэриясы «Ак-Куланын» 55,7 гектар жерин жана мүлкүн эки компанияга сатууну пландоодо

Бишкектин мэриясы «Ак-Куланын» 55,7 гектар жерин жана мүлкүн эки компанияга сатууну пландоодо

Бишкек шаарынын мэриясы «Ак-Кула» ат майданынын жерин жана мүлкүн чет элдик эки компанияга жеке менчикке сатууну пландап жатат. Тиешелүү томтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, буга чейин ат майдандын жери менен мүлкү эки ирет аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар чыкпагандыктан, аукциондор болбой калган. Эми ат майданды аукционсуз сатуу каралууда. Ал үчүн Бишкек шаардык кеңештин чечими керек.

Мэрия ат майдандын мүлкүн жана 55,73 гектар жерин ROX Group менен TNG Global Foundation компанияларына сатууну пландап жатат. «Ак-Кула» канча сомго сатылары белгисиз.

Токтом долбоорунда жазылгандай, аталган эки компания ат майдандын жеринин бир бөлүгүнө мектеп-бала бакчаларды, жолдорду, сейил бак салып, келишимге ылайык шаардык менчигине өткөрүп берет.

Интернеттеги маалыматтарга ылайык, TNG Global — башкы кеңсеси Гибралтарда жайгашкан чет элдик компания. Алар турак жай, мейманкана, коммерциялык объекттерди куруу менен алектенет. Ал эми ROX Group кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алуу, ижарага алуу жана башка иштер менен алектенет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин мэриясы «Ак-Кула» ат майданынын 45,73 гектар жери жеке менчикке сатыларын кабарлаган. Анын баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сомго деп белгиленген.

Бишкектиктер «Ак-Куланын» жерин сатпай, сейил бак салууну суранууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>