Бишкектин муниципалдык инспекциясы ишкана-мекемелерге, жарандарга 95,6 млн сом айып салды
Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы быйыл 10 айда ишкана-мекемелерге, жарандарга 95 млн 596,5 сом айыппул салды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган инспекция жыл бюашынан бери дээрлик 44 миң субъектти текшерип, 8 миң 248 мыйзам бузуу аныктаган. Натыйжада борбор калаадагы мекеме-ишканаларга, жарандарга 95 миң 596,5 миң сом айыппул салынган.
Эреже бузуулар:
– Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу боюнча – 3891 факт;
– Таштандыны туура эмес жерге төгүү жана сактоо – 1103 факт;
– Жашыл өсүмдүктөрдү кыюу, зыян келтирүү, жашыл чөптөргө автоунаа коюу, өз алдынча жолдорду куруу, канализациялык, өндүрүштүк жана дренаждык сууларды агызуу – 725 факт;
– Өндүрүштүк жана медициналык таштандыларды уруксат берилбеген жерлерде төгүү жана сактоо – 700 факт;
– Жолдун жана көчөнүн булганышы, курулуш-ремонт иштеринен кийин бузулган жолду калыбына келтирбөө – 365 факт;
– Жарнамаларды, жарыяларды, баракчаларды уруксат берилбеген жерлерге чаптоо – 321 факт;
– Жолду, темир жол өтмөктөрүн бузуу – 256 факт;
– Көрсөтмөлөрдү аткарбоо – 223 факт;
– Тыюу салынган заттарды күйгүзүү – 215 факт;
– Соода эрежелерин бузуу – 127 факт.