Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Жумушчуларын камсыздандырбаган компанияларга айыппул салына баштайт
11.11.2024 | 14:51
Кыргызстанда жумушчуларын камсыздандырбаган компанияларга айыппул салына баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент кол койгон.
Укук бузуулар кодексине кирген өзгөртүүлөргө ылайык “Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамын аткарбаган жарандарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул салынат.
Ушундай эле жаза “Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткарбагандар үчүн каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом