Бишкектин соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкерин камакта калтырды

Бишкектин соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкерин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди камакта калтырды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин 3-июлда Биринчи май райондук соту Карабаевди 19-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул чечим боюнча экинчи инстанцияга апелляциялык арыз жазылган. Бүгүн, 23-июлда Бишкек шаардык сот арызды карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Эскерте кетсек, 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин ал 48 саатка камакка алынган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>