БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкектин жолдорун кардан тазалоо үчүн 41 атайын техника тартылды
12.12.2023 | 21:38
Бишкек шаарында «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жолдорду тазалоону улантууда, бүгүнкү күндө 800 тонна техникалык туз сарпталды, деп билдирди 12-декабрда мэриянын басма сөз кызматы.
“Тазалыктын” кызматкерлери түнкүсүн линияга чыгып, күндүз жолду кардан тазалоо иштерин улантышууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын коштоосунда атайын техника 24 сааттын ичинде төртүнчү ирет линияга чыкты. Борбор калааны кардан тазалоого 38ден ашык атайын техника, ошондой эле тротуарларды тазалоочу 43 даана атайын техника чыгып жатат», – деп айтылат мэриянын маалыматында.
Мэриядан белгилешкендей, карды тазалоого жол жээгинде токтоп турган унаалар тоскоолдук жараткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар