“Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдорго туз себүү, жолдун жана тротуарлардагы кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, линияда 37 атайын техника иштейт. Анын ичинен Маз КО 26 даана, 1 даана Зил, 130 туз себүүчү , 2 даана фронттук жүктөгүч, 4 даана УКМ, 4 даана трактор.
Ошондой эле 26 жол тазалоочу кызматкер, 641 короо шыпыргыч иштейт. Бул түнү 202 тонна туз себилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз