Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдө мончодон чыгып сууга түшөр алдында тартылган видеосу социалдык тармакка тарап, талкууга алынган.
Ал видеосу боюнча эл өкүлү видео кайрылуу кылып түшүндүрмө берди.
«Мени сөгүп бүттүңөрбү? Эми мен сүйлөйүн. Мен дайым эл үчүн ачыкмын. Бул окуя боюнча мага көп сындар айтылып, мени сууну булгадың деп жатасыңар. Ал иштебеген сауна. Эл менен жакын болгула дейсиңер, элге аралашып көлгө түшөйүн деп баргам. Тактап айтканда, Жети-Өгүз районун кыдырып бүткөм. Фракциябыздын депутаттары менен кайсы маселени көтөрөбүз деп кеңеш алуу үчүн «Costa-Brava» пансионатына барганбыз. Ошол жактан көлгө түштүк. Ал жакта баары бар болчу, кичинесинен чоңуна чейин аралашып жүргөн. Мен чет өлкөдө эс алган жокмун. Өзүмдүн Ысык-Көлүмдө эс алып жатам. Мага жаш балдар «байке, бомбаны сонун таштасаңыз керек, бомба таштап бериңизчи» деп суранышканынан макул болгом. Мени тартып жаткан жигитке «тартпа» деп айткам. Ал видео кантип коомчулукка чыгарган Кундуз Ажыбекованын колуна тийди, түшүнбөй калдым», — деди эл өкүлү.
Түлөбаев көлгө түшүү адебин биле турганын айтып буларга токтолду.
«Ысык-Көлгө жатып алып түшөмбү, талтайып түшөмүнбү, ал менин эрким. Биз чыгып жаткан иштебеген сауна экен. Ысык-Көлгө түшүүнүн адеби бар. Биз, көлдүктөр, көлдү булгабайбыз. Элдин баарын өзүңөрдөй ойлобогула», — деди Түлөбаев.
Депутат Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдөгү мончодон чыккан видеосу