«Биздикилер үчү гана». Бишкекте элиталык сойку кыздардын жабык клубу аныкталды
Бишкекте укук коргоо органдары текшерүү учурунда болгону ишенимдүү кардарларга гана кызмат көрсөтүп келген элиталык жыныстык кызмат көрсөтүүчү кыздардын жабык клубун аныктап, анын ишин токтотушту. Бул тууралуу шаардык ГУВДнын басма сөз кызматы билдирет. Аталган кыздар кызматтары үчүн кардарлардан 300дөн 1000 долларга чейин алынган жана аларды негизинен кымбат мейманканаларда кабыл алышкан.
Иштин уюштурулушу жабык WhatsApp-группа аркылуу жүрүп, ал «Резервная» деп аталган жана анда болжол менен 60тай катышуучу болгон. Группанын менеджерлери бир нече кыздан куралган, ал эми уюштуруучусу (биринчи демилгечиси) алдын ала маалыматтарга караганда Кыргызстандын чегинен ашып кеткен. Топко кошуунун шарты — алдын ала төлөм жана тааныштын сунушу болгон. Конспирация үчүн коддук сөздөр жана жоголуп кетүүчү билдирүүлөрдүн функциясы колдонулган.
Группа ичинде коопсуздук, купуялуулук жана акча алуу боюнча ички эрежелер белгиленген. Заказ түшкөндөн кийин менеджерлер кардарларга кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, макулдук алынгандан кийин көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүшкөн. Ар бир кармоодон кийин топ толугу менен өчүрүлүп, жаңы номерлерден кайра түзүлгөн.
Укук коргоочулар сауналардын биринде көзөмөлдүү сатып алуу (проверочная покупка) жүргүзүшкөн жана ошол жерге келген үч кыз акча алып жаткан учурунда кармалган. Тергөө иштери уланууда.





